Шейшемби күнү дүйнөлүк мунай баалары АКШ менен Израилдин Иран менен болгон жаңжалынын мындан ары курчушуна байланыштуу Ормуз кысыгы аркылуу деңиз ташууларына коркунуч жаралгандыктан өстү.
Caliber.Az чет элдик ЖМКларга шилтеме берүү менен билдиргендей, бул соода маалыматтарынан көрүнүп турат.
Саат 8:07ге карата май айындагы Brent маркасындагы мунайдын фьючерстери жабылуу баасына салыштырмалуу 2,59%га өсүп, баррелине 79,75 долларды түздү. Ал эми апрель айындагы WTI маркасындагы мунай фьючерстери 2,11%га кымбаттап, баррелине 72,73 доллар болду.
Эске салсак, 28-февралда АКШ жана Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урууда. Ушунун фонунда Ормуз кысыгы аркылуу деңиз ташуулары кескин кыскарып, камсыздандыруу компаниялары коопсуздукка байланыштуу коркунучтардын өсүшүнө байланыштуу камсыздандыруу төлөмдөрүн жогорулатып, шарттарын кайра карап чыгууда.
«Аймакта тез арада деэскалация болоруна үмүт аз болгон шартта мунай бааларынын өсүү тобокелдиктери сакталып турат жана жаңжал узакка созулган сайын бул коркунуч күчөйт», — деп Reuters агенттиги IG компаниясынын аналитиги Тони Сикамордун сөзүн келтирет.



















