Дүйнөлүк банк Рогун ГЭСин бүткөрүүнү каржылоо үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) 350 миллион доллар өлчөмүндөгү грантын жактырды, деп билдирди «Ховар».
Долбоордун жалпы суммасы 650 миллион доллар экени, экинчи этапта дагы 300 миллион доллар бөлүнөрү белгиленген.
Рогун ГЭСинин болжолдонгон орнотулган кубаттуулугу 3780 мегаватт. Анын ишке кириши Тажикстандын 10 миллионго жакын калкынын электр энергиясына болгон мүмкүнчүлүгүн жакшыртат жана кыш айларында көнүмүш болуп калган электр энергиясынын жетишсиздигин азайтат, деп айтылат Дүйнөлүк банктын жарыяланган баяндамасында.
Өндүрүлгөн энергиянын 70%га жакынын Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттоо пландалып жатат, бул казылып алынган отундарды пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнү алмаштыруу, муну менен парник газдарынын эмиссиясын азайтуу.
Тажикстандын Дүйнөлүк банктагы Туруктуу өкүлү Пайрав Амирзода белгилегендей: «Тажикстандын гидроэнергетикалык ресурстары жылына болжол менен 527 миллиард кВт саатты түзөт, анын 5%ы гана пайдаланылган. Биздин өлкө учурда жашыл энергияны өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат».
Рогун ГЭСи “жашыл” энергетикалык долбоор болуп, ал аяктагандан кийин өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги көйгөйү жоюлары баса белгиленди. Кошумчалай кетсек, анын ишмердүүлүгү аймактагы башка өлкөлөргө да пайдалуу болушу мүмкүн. ГЭС Тажикстанда көмүр кычкыл газынын эмиссиясын кыскартууда негизги ролду ойнойт жана Борбордук Азия боюнча электр тармактарынан чыккан көмүртектин эмиссиясын азайтууга жардам берет.



















