Баткендеги Айгүл гүлү ачылды. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынын Дара участкасынын бөлүм башчысы Сабырбек Бадалов билдирди.
“Учурда Айгүл тоонун чыгыш жагында, тагыраак айтканда, Айгүл-Таш тоосунан анча алыс эмес Боз-Адыр аймагында тегиз гүлдөп турат”,-дейт ал.
Айгүл гүлүнүн негизги ордосу Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Таш тоосу эсептелет. Андан башка аталган райондун Боз-Адыр жана Лейлек районунун Өзгөрүш жайлоолорунда да кездешет. Азыр ушул аймактагы гүлдөр ачылган.
Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ача баштайт. 12-апрелден баштап ачыла баштаган гүл жаратылышка эки жума кооздук тартуулап турат.
Айгүл гүлү уругунан жети жылда өнүп чыгат да, жети жылдан кийин алгачкы гүлүн ачат. Ар бир жылда бирден коңгуроо гүлү кошулуп олтурат. Канча коңгуроосу болсо, гүлгө канча жыл болгонун аныктаса болот. Адистердин айтуусунда, сабактарында 34 коңгуроосу бар гүл да кездешкен. Демек, ушунча жылдан бери ал өсүп, гүлүн ачып келген.
Дүйнөдө Айгүл гүлү сейрек кездешкендиктен, 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилип, корукка алынган. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында бул гүлдү Баткенден сырткары Ооганстандын тоолорунан кезиктирүүгө болот. Акыркы жылдары Аксы районунда да үй шартында өстүрүлүп, ал гүл ачып жатканын жарандар айтып келет.
Буга чейин белгилүү болгондой, Айгүл тоодогу гүлдөрдүн суюлуп кеткенине байланыштуу, аймак өзгөчө кайтарууга алынып, 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, туристтердин жана жергиликтүү калктын аталган ботаникалык коруктун аймагына кирүүгө тыюу салынган. Бул чектөө 2026-жылдын 1-апрелине чейин улантыла турган болгон.


















