Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму 829 километрге созулган чагылгандын эң узакка созулган рекордун тастыктады. Маалыматты РБК басылмасы жазды.
Рекорддук бул жарык спутниктик технологиянын аркасында жазылып, анын узундугу мурунку рекорддон 61 километрге ашты.
Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму эң узакка созулган чагылгандын бул жаңы дүйнөлүк рекордуна чейин 2017-жылдын 22-октябрында болгон. Андагы чагылгандын узундугу Чыгыш Техастан Канзас-Сити шаарынын четине чейин созулган.
Салыштыруу иретиндеги бул аралыкты Парижден Венецияга чейинки жер менен салыштырууга болот. Бул аралык унаа менен 8-9 сааттык, ал эми самолет менен бир жарым сааттык алыстыкка чейин болгон.















