Бир катар өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Латын Америкасынын бийликтери Боливиядагы аскерлер тарабынан жасалган төңкөрүш аракетин айыпташты.
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель армиянын демократияга жана Боливия элине каршы аракетин “кыжырды келтирген аракет” деп атады. Ал Боливиянын президенти Луис Арсе менен тилектештигин билдирди.
Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор Боливиянын “чыныгы демократиялык жетекечиси” деп атаган Арсеге өз өлкөсүнүн колдоосун билдирди.
Чилинин лидери Габриэль Борич Боливиядагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.
“Биз боордош өлкөдөгү демократияны жана Луис Арстын мыйзамдуу өкмөтүн колдой турганыбызды билдиребиз. Биз бул өлкөнүн армиясынын кабыл алынгыс күч колдонуусун кескин айыптайбыз”, – деди ал.

Гондурастын президенти Ксиомара Кастро өз кезегинде Латын Америкасынын жана Кариб деңизинин өлкөлөрүнүн коомчулугуна (СЕЛАК) мүчө-өлкөлөрдүн президенттерин Боливиядагы демократияга кол салууну айыптоого жана жарандык бийликти жана Конституцияны толук сыйлоону талап кылууга чакырды.
Америка мамлекеттеринин уюмунун баш катчысы Луис Альмагро уюм «Боливияда конституциялык түзүлүштү бузуунун эч кандай формасына жол бербейт» деп баса белгиледи.
Мындан тышкары, төңкөрүш аракетин Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелл айыптады.
Анын айтымында, «Европа Биримдиги Боливиядагы конституциялык түзүлүштү бузууга жана конституциялык өкмөттү кулатууга болгон бардык аракеттерди айыптайт».
Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канаани Боливиядагы төңкөрүш аракетин кескин айыптап, өлкөдө тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.
“Биз демократиянын негиздерине жана демократиялык институттарга, ошондой эле Боливиядагы мыйзамдуу өкмөткө каршы багытталган төңкөрүштү айыптайбыз. Биз тартипти калыбына келтирүүнү, мыйзамдуулукту жана бийликти бул өлкөнүн мыйзамдуу бийлигине кайтарууну талап кылабыз”, – деп белгиледи Канаани.
Боливиянын президенти колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди

Боливиянын президенти Луис Арсе генерал Хуан Хосе Суньига өлкөдөгү бийликти басып алууга аракет кылгандан кийин ага колдоолорун билдирген өлкөнүн элине жана башка мамлекеттердин президенттерине ыраазычылык билдирди.
“Төңкөрүш аракетин кескин айыптап, боливиялыктардын көпчүлүгү тарабынан мыйзамдуу түрдө шайланган Боливиянын демократиясын колдоорун билдирген дос өлкөлөрдүн президенттерине жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз”, – деп жазды ал X баракчасына.
Арсе ошондой эле көчөлөргө чыккан жана төңкөрүш аракетин четке каккан Боливиянын коомдук уюмдарына жана бүткүл элине ыраазычылык билдирди.
Боливиядагы төңкөрүш аракети
26-июнда Боливияда төңкөрүш жасоо аракети болду: жакында куралдуу күчтөрдүн командачысы кызматынан бошотулган генерал Хуан Хосе Суньиганын командачылыгы астындагы аскерлер президенттик сарайды басып алууну көздөшкөн. Козголоң учурунда Суньига полиция күчтөрүн өз тарабына тартууга аракет кылган.

Ла-Паста башаламандык үч саатка созулган. Бул учурда Боливиянын лидери Луис Арсе өзүнүн сарайында болуп, элге кайрылып, демократияны урматтоого чакырып, болуп жаткан окуяларды төңкөрүш аракети деп атады. Ал өлкөнүн жаңы аскердик жетекчилигин дайындап, ал аскерлерди аянттан тароого чакырган. Аскерлер буйрукту аткарып, бир нече сааттын ичинде көтөрүлүш басылып, Суньига жана дагы башка эки аскер жетекчи камакка алынды.
Ла-Пастагы тополоңдо кеминде тогуз киши жараат алды.



















