29-30-июнь күндөрү АКШнын Европадагы бир нече аскерий базалары ыктымал террордук коркунучтан улам күчөтүлгөн режимге киргизилгенин CNN америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматына таянып билдирди.
Телеканалдын маалыматына караганда, Германиянын Штутгарт шаарындагы АКШнын куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгынын штаб-квартирасы жайгашкан америкалык базада өзгөчө режим киргизилди.
Сөз жок дегенде акыркы 10 жылдан бери катталбаган террордук коркунучтун деңгээли тууралуу болуп жатканы кабарланууда.
CNN коопсуздук чараларын күчөтүүгө эмне түрткү болгону белгисиз экенин тактады, бирок европалык бийликтер Париж Олимпиадасынын алдында жана учурдагы Европа футбол чемпионаты учурунда потенциалдуу террордук коркунучту эскертишти.



















