Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чжао Лэцзи: “Кыргызстан менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү”

  • ТОП жаңылыктар
  • 14.09.2024 10:09

Loading

13-сентябрда  Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Бээжин шаарында Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиишкендей, жолугушууда эки мамлекеттин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Чжао Лэцзи баштаган туруктуу комитеттин мүчөлөрүн Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы жана Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады.

Тема боюнча

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

24.11.2026

Ошондой эле төрага соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп: “Биз негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Кытай менен калыптанган кызматташтыкты жогору баалайбыз жана мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода-экономикалык алакаларды арттыруу башкы максатыбыз. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң”, – деди.

Ага ылайык, аталган багыттагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине токтолгон Нурланбек Шакиев кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын Кытай мамлекетинин аймагында жүрүүсүнө байланышкан айрым чектөөлөрдү алып салууну сунуштады.

1 of 7
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

Муну менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев анын ичинен салык саясатын жөнгө салуу жана инвесторлорго керектүү шарттарды түзүү багытында алгылыктуу иштер жасалып жатканын кошумчалады.

“Кытай мамлекети жана кытайлык ишкерлер менен биргелешип, ишке ашырган долбоорлорубуз арбын. Айрыкча, энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү маанилүү тармактарда жана инфраструктураны жакшыртуу жаатында жигердүү кызматташып келебиз. Мындан ары да аталган багыттарда кытайлык өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдарбыз”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Андан тышкары, узак жылдардан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маанилүү макулдашууга быйыл кол коюлганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Кылым курулушу аталган бул долбоордун ишке ашуусу аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу экени анык. Андыктан, темир жолду ыкчам куруп, ишке киргизүүбүз кажет”, – деди.

Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселесине да токтолгон төрага: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байыртан бери келе жаткан маданий байланышын өнүктүрүү учур талабы. Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туризм өңдүү тармактарда да тыгыз кызматташып, узак жылдарды камтыган жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдашыбыз керек”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Төрагалардын деңгээлинде гана эмес, депутаттардын жана парламенттеги тармактык комитеттердин алкагында да алакаларды арттырып, жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоо багытында жигердүү иш алып баруубуз зарыл”, – деди.

Өз кезегинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи айтылган ар бир сунуш-пикир маанилуү экенин белгилеп: “Дүйнөлүк абалды эске алып, кызматташтыкты жаңы көз карашта өнүктүрүүбүз керек. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү. Эки өлкөнүн соода байланышын дагы жигердүү улантып, айрыкча сиздерде өндүрүлгөн айыл чарба продуктуларын Кытайга экспорттоо боюнча биргелешип иш алып баруубуз кажет. Андан тышкары, биз Кыргызстанда жаңы соода аянттарын ачууга даярбыз жана илимий-техникалык багытта да кызматташууга кызыкдарбыз. Тагыраагы, энергиянын жаңы булактарын ишке киргизүү, машина куруу жана заманбап технологияларды жайылтуу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң”, – деди.

Ошондой эле Чжао Лэцзи төрага Нурланбек Шакиев айткан оор жүк ташуучу унаалардын каттамына байланышкан маселе боюнча ошол эле жерден тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, оң багытта чечилүүсүнө көмөктөшөрүн убада кылды.

Жолугушууда тараптар чек арадагы өткөрмө жайлардын иши тууралуу да сөз кылып, анын ичинен “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы соода байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргыз-кытай мамилесиКытайКЭРН. Шакиев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

24.11.2026
АКШ Азияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр эмес

АКШ Азияга аскерлерин жөнөтүүгө даяр эмес

24.11.2026
Т. Мамытов: “Иран  – Россиянын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү, Кытай үчүн соода байланыштарынын маанилүү бөлүгү”

Т. Мамытов: “Иран  – Россиянын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү, Кытай үчүн соода байланыштарынын маанилүү бөлүгү”

24.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.