Дубай жаңы туристтер көп келе баштагандыктан Аль-Мактум эл аралык аэропортунда жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу терминалдын курулушун баштагандыгын Bloomberg маалымат каражаты билдирди.
Дубай өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, эмираттын башчысы Мохаммед бен Рашид Аль Мактум баасы 128 млрд дирхам (34,8 млрд доллар) турган терминалдын курулушунун долбоорун бекитти. Эки жылда бир ирет Dubai Airshow көргөзмөсү өтүп турган аэропорт азыркы учурда жүк жана менчик самолёттордун борбору болуп саналат.
Жаңы Dubai World Central (DWC) аэропорту Дубайдын азыркы эл аралык аэропортунан беш эсе чоң болуп, Дубай эл аралык аэропортундагы баардык операциялар ошол жакка которулат.
Азыркы учурда Дубай дүйнөдөгү алыскы магистралга учактар өтө көп каттаган аэропорт катары белгилүү. Шаарга келгендердин саны көп болгондуктан, трафиктин көлөмү пандемияга чейинки деңгээлден ашып кетти, ал эми алыскы магистралдагы каттамдын трафиги калыбына келүүдө.
Шаардын флагман авиаташуучусу болуп саналган Emirates 2023-жылдын үчүнчү кварталында рекорддук киреше түшкөндүгүн билдирди жана DWC аэропортун тез арада кеңейтүү пландаштырууда.




















