Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) билдиргендей, Кытайдын Улуттук дары-дармекти көзөмөлдөө борбору өлкөдө биринчи жолу өнөкөт В гепатитин дарылоого арналган улуттук өндүрүштөгү дарыны жактырды.
Маалыматка караганда, бул дары организмди толугу менен HBsAg антигенинен “тазалоого” жөндөмдүү – бул В гепатити вирусунун ДНКсын коргоп турган белок кабыгынын беттик бөлүгү болуп эсептелет. Клиникалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бириктирилген терапия менен дарылоо аяктагандан кийин 24 жуманын ичинде жуккан адамдардын 31% айыгып чыккан. Бул көрсөткүч нуклеозиддик аналогдор менен жүргүзүлгөн монотерапиянын натыйжасынан кыйла жогору экени белгиленет.
«Жакында Кытайдын Улуттук дары-дармек көзөмөл борбору өнөкөт В гепатити менен ооругандарды дарылоого арналган улуттук деңгээлдеги биринчи дарыны бекитти», – деп айтылат CCTV билдирүүсүндө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө болжол менен 257 миллион адам В гепатити менен ооруйт, алардын ичинен 80 миллиондойу Кытайда жашайт.



















