Ирандын футбол боюнча курама командасы Борбор Азиядагы биринчи CAFA NATIONS CUP-2023 турниринин алкагында ооган футболчуларын 6:1 эсеби менен жеңип алды.
Биринчи эсепти 20-мүнөттө ирандык чабуулчу Сердар Азмун ачты. Андан көп өтпөй Мехди Тареми атаандаштын дарбазасына экинчи голду киргизип, кайра 28-мүнөттө пенальтиден дагы бир голду киргизди.
Кийинки үч голду Ализар Жаханбахш, Мехди Тареми жана Аббас Асади киргизди. Ал эми Ооганстандан жалгыз голду 57-мүнөттө Нур Фаршад киргизди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан, Иран жана Ооганстандын курама командалары «В» тайпасына туш келген.
Тайпадагы биринчи беттеш 10-июнда болуп, анда Кыргызстандын курамасы оогандык футболчуларды 3:0 эсеби менен утуп алган.
Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтүп жатат.
Эми ирандык футболчулар 16-июнда Кыргызстандын курама командасы (“Ак-Шумкар”) менен оюн өткөрөт.
“В” тайпасында биринчи орунду алган команда турнирдин финалына чыгып, “А” тайпасында лидер болгон команда менен кез келет.
«В» тайпасында экинчи орунду ээлеген команда 3-орун үчүн беттешет.
Финалдык баскыч 20-июнда Ташкентте өтөт.