Бахрейн, Конго Демократиялык Республикасы, Колумбия, Латвия жана Либерия 2026-2027-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы туруктуу эмес мүчөлөрү болот.
Бул маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтында жарыяланды.
Аталган беш өлкө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында аяктай турган Алжирди, Гайананы, Корея Республикасын, Словенияны жана Сьерра-Леонени алмаштырат.
Коопсуздук Кеңеши эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн негизги жоопкерчиликти өзүнө алат жана эл аралык укукка ылайык милдеттүү чечимдерди кабыл ала турган БУУнун жалгыз органы болуп саналат.
Коопсуздук Кеңеши 15 мүчөдөн турат. Беш туруктуу мүчө – Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана АКШ. Ал эми калган он туруктуу эмес мүчө ротация менен эки жылдык мөөнөткө Башкы Ассамблея тарабынан шайланат.
Шайлоолор жыл сайын жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүлөт. Орундар аймактык топтор арасында бөлүштүрүлөт жана шайлануу үчүн талапкер Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин үчтөн экисинин добушун алышы керек.
Шайлоого жалпысынан 188 мүчө мамлекет катышып, добуш берүүнүн бир гана туру талап кылынган.
Шайлоонун жыйынтыгында, Бахрейн 186 , Конго Демократиялык Республикасы 183, Либерия 181 добуш алган.
Ошондой эле Латвия 178, Колумбия 180 утушка ээ болду.
Башка өлкөлөрдөн айырмаланып Латвия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө шайланды.
Буга чейин Колумбия – жети жолу, ДР Конго – эки жолу, Бахрейн менен Либерия бир жолудан мүчө болушкан.



















