БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Ормуз кысыгын ок атышпоо режими күчүндө турган мезгил ичинде бардык коммерциялык кемелер үчүн толук ачуу тууралуу билдирүүсүн кубаттады. Бул тууралуу анын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
«БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Ормуз кысыгын бардык коммерциялык кемелер үчүн толук ачуу боюнча билдирүүсүн колдойт. Баш катчы муну туура багыттагы кадам деп эсептейт. Бириккен Улуттар Уюмунун позициясы так: Ормуз кысыгында эл аралык навигациялык укуктар менен эркиндиктер толук калыбына келтирилиши керек жана алар бардык тараптар тарабынан сакталууга тийиш», — деди ал.
БУУнун баш катчысы Жакынкы Чыгыштагы учурдагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууга багытталган дипломатиялык аракеттерди толук колдой турганын дагы бир жолу ырастады. Ал ошондой эле бул чара, ок атышпоо режими менен бирге, тараптардын ортосунда ишенимди бекемдөөгө жана Пакистан ортомчулук кылган учурдагы диалогду күчөтүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Буга чейин, 17-апрелде, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливанда ок атышпоо режими орнотулгандан кийин Ормуз кысыгы коммерциялык кемелер үчүн ачык экенин айткан. Бирок Ак үй АКШнын куралдуу күчтөрү 13-апрелде киргизилген Иранга каршы деңиз блокадасын уланта турганын билдирген.


















