БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Газадагы кырдаал мындан ары күчөсө, мажбурлап көчүрүүлөр, адам өлүмдөрү жана массалык кыйроолор көбөйөрүн эскертти.
Анын позициясын 8-августта Башкы катчынын өкүлүнүн орун басары Стефани Трембле журналисттерге брифингде билдирди.
“Газадагы палестиналыктар коркунучтуу масштабдагы гуманитардык кырсыкты башынан өткөрүп жатышат. Башкы катчы бул чыңалуунун күчөшү кошумча мажбурлап көчүрүүлөргө, өлтүрүүлөргө жана массалык кыйроолорго алып келип, Газадагы палестиналыктардын элестетүүгө мүмкүн болбогон азабын ого бетер күчөтөт деп эскертет”, — деди Трембле.
Ал кошумчалагандай, Башкы катчы туруктуу ок атышууну токтотууга, Газанын бардык аймактарына тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүгө, ошондой эле бардык туткундарды дароо жана шартсыз бошотууга болгон чакырыгын кайталайт.
Трембле Гутерриш Израиль өкмөтүнүн “Газаны көзөмөлгө алуу” чечими дагы көп адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экенине терең тынчсызданып жатканын билдирди.
“Башкы катчы Израил өкмөтүнүн “Газа шаарын көзөмөлгө алуу чечимине катуу тынчсызданууда. Бул чечим кооптуу эскалацияны билдирет, миллиондогон палестиналыктардын ансыз да катастрофалык кесепеттерин начарлатат жана андан да көп адамдардын өмүрүн, анын ичинде калган барымтадагылардын өмүрүн тобокелге салышы мүмкүн”, – деди Трембле БУУнун Башкы катчысынын позициясын келтирип.
Гутерриш Израиль өкмөтүн эл аралык укук боюнча өз милдеттенмелерин, анын ичинде Эл аралык соттун жакында кабыл алынган кеңеш берүүчү корутундусун аткарууга чакырды.
Трембле эске салгандай, 2024-жылдын 19-июлунда Эл аралык сот өзүнүн кеңеш берүүчү корутундусунда Израиль жаңы отурукташуу иштерин токтотууга, оккупацияланган палестин аймагындагы бардык отурукташкандарды эвакуациялоого жана Газаны, Батыш жээкти жана Чыгыш Иерусалимди кошкондо бул аймактардагы мыйзамсыз катышуусун мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга милдеттүү экенин билдирген.
“Бул мыйзамсыз оккупация токтотулмайынча жана эки мамлекет принциби негизиндеги жашоого жөндөмдүү чечимге жетишилмейинче, бул жаңжалга туруктуу чечим болбойт”, — деп Башкы катчынын сөзүн Трембле келтирди.
Ал “Газа палестин мамлекети үчүн ажырагыс бөлүк болуп келген жана ошондой бойдон калышы керек” экенин кошумчалады.


















