БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди Газа тилкесиндеги карапайым калктын аман калуу мүмкүнчүлүгүнөн кыйла чектеп жаткан блокаданы токтотууга чакырды.
Гутерреш X социалдык тармактагы билдирүүсүндө Израилдин блокадасынын гуманитардык катастрофага алып келген Газанын түндүгүндөгү кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирди.
БУУнун Башкы катчысы эл аралык гуманитардык укук жарандарды коргоого жана гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого милдеттендирерин эске салды.
Гетерриш буга чейин БРИКС саммитинде Газа, Ливан жана Украинада тынчтыкты орнотууну жактап, «сөздөн ишке» өтүүгө чакырган.
Ал БРИКС плюс/аутрич форматындагы жыйынында Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууга, бардык барымтадагыларды дароо жана эч кандай шартсыз бошотууга жана гуманитардык жардамдын натыйжалуу жеткирилишин камсыз кылууга, ошондой эле Ливандагы согуштук аракеттерди БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2006-жылдагы 1701 резолюциясын толук аткаруу менен токтоосуз токтотууга чакырган.
Белгилей кетсек, Израилдин куралдуу күчтөрү акыркы бир нече күндөн бери Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө, атап айтканда Жабалия качкындар лагери, Бейт Лахия жана Бейт Ханун аймактарында кургактан жана абадан интенсивдүү операцияларды жүргүзүп, аймакка кирүүгө бөгөт коюп, бардык кыймыл-аракет жасалган буталарга сокку урууда.


















