БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жума күнү Иран Ислам Республикасынын БУУнун алдындагы өкүлчүлүгүнө барып, тик учак кырсыгында каза болгон президент Ибрахим Раиси жана Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдардын элесин эскерүү үчүн дипломатиялык мемориалга жазуу калтырып, кол тамгасын койду.
“Eurasia Today” маалымдагандай, ал жерде Гутерриш Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирвани менен кыскача жолугушуу өткөрүп, Ирандын өкмөтүнө жана элине, ошондой эле авиакырсыктын курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын пленардык жыйынында жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иран президенти, тышкы иштер министри жана алардын сапарлаштарынын элеси унчукпай туруу менен эскерилген. Ошондой эле БУУнун желеги да жарым ылдый түшүрүлгөн. Мындан тышкары, 50дөн ашуун өлкөнүн элчилери жана өкүлдөрү Ирандын БУУдагы өкүлчүлүгү жайгашкан жерде ачылган эскерүү китебине кол тамга калтырышкан.
Эске салсак, Ирандын 64 жаштагы президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган.
Тик учакта Раиси жана Абдоллахияндан тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.
Маркумдардын сөөгү 23-майда жерге берилди.
Ибрахим Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарындагы Реза имамынын мавзолейинде, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарындагы Абдоль Азим мавзолейине коюлду.


















