2025-жылдын 18-мартында Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Нооруз майрамына карата салттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Бул салтанатты Кыргызстан, Афганистан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин тобу биргелешип уюштурган.
Куттуктоо сөздөрүн БУУнун Башкы катчысынын орун басары А.Мохаммед жана уюштуруучу өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү айтышты.

Салтанаттуу иш-чарага Нью-Йорктогу дипломатиялык корпустан, БУУнун катчылыгынан жана диаспорадан 200дөн ашык коноктор чогулуп, аларга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Ноорузду майрамдоо салттары тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, улуттук музыкалык аспаптарда жандуу аткаруулар, ошондой эле аймактын даамдары тартууланды.
Нооруздун мурасы дүйнөлүк аренада таанылган. 2009-жылы ЮНЕСКО Ноорузду адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизип, анын терең маданий маанисин жана ар түрдүү коомчулуктар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодогу ролун моюнга алган. 2010-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган.


















