БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) кош бойлуу аялдар, энелер жана ымыркайлар Газада оор гуманитардык абалда экенин билдирди.
ЮНФПАнын Араб өлкөлөрү боюнча регионалдык бөлүмү тараткан билдирүүдө кош бойлуу аялдар, энелер жана ымыркайлар өтө оор шарттарда жашап жатканы белгиленет.
«Газа секторундагы 50 миң кош бойлуу жана бала эмизген аялдар бир нече күндөн бери тамак жеген жок. Балдар эрте же толук жетилбей төрөлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Мында энелердин жетишсиз тамактануусу, наристелер үчүн сүт аралашмаларынын калбай калганы жана алардын курч тартыштыгы өзгөчө баса белгиленет.
«Газадагы жаңы төрөлгөн ымыркайлар өлүм же өмүр бою созулган оорулар коркунучу алдында турушат. Мунун алдын алса болот — гуманитардык жардамга жол ачкыла», — деп чакырат уюм.
Израил март айынан бери Газага чек ара аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүнү бөгөттөп, бул кырдаалды кенири гуманитардык кризиске айландырды.
Израил армиясы жарандык инфратүзүмдөрдү жана жер которгон палестиналыктарды системалуу түрдө аткылоону улантууда. Мындан тышкары, Газадагы ачка калк АКШ жана Израилдин колдоосу менен түзүлгөн гуманитардык жардам борборлорун көздөй бара жатканда кол салууларга туш болууда.
2025-жылдын 27-майынан тартып, гуманитардык жардам бөлүштүрүү борборлорунун жанында болгон израилдик чабуулдардын курмандыгы болгон жарандардын саны 766 адамга жетти, ал эми жаракат алгандар 5044 адамды түздү. Бул борборлор «өлүм капканына» айланып калганы айтылууда.

















