Ошол эле учурда Афганистанда опийумду сатуудан түшкөн киреше да 48% га төмөндөгөн. Ошондуктан көптөгөн дыйкандар опийумга тыюу салынгандан кийин дан жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүштү
БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (УНП ООН) маалымдагандай, Афганистанда опийум өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу 20% га кыскарышы өлкөдөгү чоң жетишкендик катары бааланууда.
Уюм Афганистандагы опийум жана көкнәр өстүрүү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы опийум өндүрүшү 2024-жылга салыштырмалуу 20% га азайган:
«Бул олуттуу төмөндөө жана базар көрсөткүчтөрү опийум өндүрүшү менен контрабандасында региондогу маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөтөт».
Ошондой эле опийум сатуу аркылуу түшкөн киреше 48% га азайганы, ал эми өсүмдүктүн бул түрүн өстүрүүгө тыюу салынгандан кийин көптөгөн дыйкандар буудай жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өткөнү белгиленген.
UNODCнин аймактык өкүлү Оливер Столпе билдиргендей:
«Афганистанда мыйзамсыз өсүмдүктөрдү жоюу жана баңги заттардын аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициялар талап кылынат».




















