“Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатынын оту бүгүн, 15-декабрда саат 19:00дө жанат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын бардык коноктору үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Белгилей кетсек, былтыркыдай эле борбор калаанын башкы балатысы чоң фонтандын ордуна орнотулган. 32 метрлик балатыга светодиоддук гирляндалардан жасалган чатыр орнотулган.
Мындан тышкары, борбор калаанын тургундары жана коноктору иш-чара күнү борбордук аянтта иштей баштачу фудкорт аянтчаларына бара алышат.
Башкы балатыны жандыруу аземи учурунда Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Чүй проспектисинин бир бөлүгү саат 18:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин тосулуп турат.



















