Официалдуу маалыматтарга таянсак, Кыргызстандан чет жерге бакыт издеп кеткен жарандардын саны 1 млн 200 миңден ашык адамы түзөт. Албетте, иш жүзүндө бул цифра бир топ эсеге көп.
Ал эми мекенинде иштеп жаткан жарандардын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда, кыз-келиндер жеңил өнөр жайында иштесе, эркектер курулуш тармагында иштеп үй-бүлөлөрүн багып келе жаткандыгы баарыбызга маалым.
Бирок, жакында курулуш тармагында иштеген подрядчиктер жана курулуш компаниялар үчүн киргизилген БСК (Банковское сопровождение контракта) механизминин кедергиси так ушул курулуш тармагында иштеп, жан багып жаткан карапайым адамдарга тийет деген чоң коркунуч бар.
Анткени, учурда БСК системасы менен иштеп жаткан ишканалар, подрядчиктер, ушул тапта, Чубактын кунундай чууруган документтерди банктарга чогултуп, тапшырып, ал кагаздар өз убагында каралбай, ишкерлерди аябай эле убара кылып турган учуру.
Эң башкысы, ишкана өкүлдөрү тапшырган документтерди жалгыз гана кыргызстандык банктар карабай, аны орусиялык «Газпромбанктын» өкүлдөрү карап, текшерип, толугу менен көзөмөлдөп, кааласа подрядчиктерге иш алып барууга уруксат берет, кааласа бербейт. Уруксат берген күндө да алар ар бир иш менен таанышып, текшерип чыкканча ишкерлер убакыттан уттуруп, анын натыйжасында жүздөгөн карапайым курулушчулар айлыгын ала албай, ишкерлер салган акчасын алып, ишти баштай албай, салына турган объектилер бүткөрүлбөй турат.
«Азыр эми мына жайдын аптабы, башкача айтканда курулуштун сезонунда да канча деген курулуш иштери, оңдоп-түзөө иштери токтоп турат», – деп подрядчиктер, курулушчулар ыйлап жүрүшөт. Күз да келип калды, суук түшкөндө курулуш иштери ансыз деле солгундайт, катуу суукта таптакыр эле токтойт. Азыр курулушчулардын чуркап иштеп ала турган маалында, курулуш иштерин токтотуп коюу, бул элге кыянаттык кылуу менен барабар эмей эмне?!
Ал эми үйдөгү балдарын, алардын мектеби, кийим-кечеси, кышкыга отун-көмүр, балдарга жылуу кийим -кечек маселелери күтүп тура албайт да.
Айласыз, баягы байкуш кыргыз каякка барат? Түйүнчөгүн асынып алып: «Эй Россия бир боор энем», – деп ары карап ыйлып, бери карап күлүп, бала-чакасын таштап кетет да. Башка кандай айла кылат?
Миграциянын кедергисин өзүбүз көрүп жүрөбүз. Канчалаган талкаланган тагдырлар, ажырашкан үй-бүлө, атасыз калган балдар.
Эн эле тың болуп иштеп кеткени деле, эртең Орусиянын жарандыгын алып, үй-бүлөсүн көчүрүп кетип, таптакыр Мекенине жат балдарды өстүрүп жатпайбы…
Ошондуктан, эртең кеч болуп кала электе, биз миграция агымын токтотуп, андан көрө кайра карапайым эл нан таап жеп, үй-бүлөсүн багып келе жаткан курулуш тармагынын келечегине балта чаппай, буту- колун тушабай, кайра колдоо көрсөтүп, аны өнүктүрсөк, миңдеген жаштарыбыз чет жерден бакыт издебей, өз мекенинде балдарынын жанында оокатын кылып, кайра мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошпойт беле.
Билген кишиге дал ушул БСК механизми биздин келечекти талкалай турган система болуп турат…
Эльмира Мадиева