Согушту токтотуу боюнча шашылыш чакырыкка жооп катары британ коомчулугунун ар түрдүү катмарлары өлкөнүн премьер-министринин кеңсесинин алдында Иранга жана аймакка каршы жүргүзүлүп жаткан АКШ менен Израилдин согуштарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.
Ирандын Pars Todayагенттиги маалымдагандай, Британиянын ар түрдүү коомдук топтору уюштурган согушту токтотуу боюнча шашылыш кайрылууда төмөнкүлөр айтылган:
«Ливанда, Газада жана Иранда болжолдуу ок атышууну токтотуу келишимдерине карабастан кайгылуу окуялар уланууда. Биз бул өлкөлөрдүн элдери менен тилектеш болушубуз керек. Британия өкмөтүн АКШга өзүнүн аскердик базаларын Иранды бомбалоо үчүн пайдаланууга уруксат берүүнү токтотууга жана Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяхудан мыйзамсыз согуштарын токтотууну талап кылууга чакыруу үчүн бизге жана Палестина менен тилектештик коалициясына кошулуңуздар».
Британиядагы согушка каршы уюмдар көптөн бери төмөнкүдөй позицияны билдирип келишет:
«Премьер-министр Кир Стармер Британия Иран менен согушка катышпайт деп ишендиргенине карабастан, өлкөдөгү аскердик авиабазалар АКШнын аскердик операцияларынын негизги борборлорунун бири бойдон калууда».
Бул уюмдардын пикиринде, Британия Кипрдеги чалгындоочу учактары аркылуу алынган маалыматтарды Израилге берүүнү токтотушу керек, ошондой эле Израил армиясына курал-жарак жеткирүүнү да токтотууга тийиш.
Ошол эле учурда АКШ сенатору Берни Сандерс АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагондун) Израил менен аскердик жана курал-жарак тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү планына сын айтып, мындай деди:
«Америка эли АКШнын Израилге аскердик жардам көрсөтүшүн каалабайт».



















