Telegraph: Трамптын саясаты Украина үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет.
АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыкса, анын саясаты Украина үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет. Мындай пикир британиялык The Telegraph басылмасынын макаласында айтылат.
Материалда Трамптын өлкөнүн вице-президенти катары Огайо штатынын сенатору Ж.Д.Вэнсти тандоо чечими Европа үчүн кооптуу сигнал болушу керек деп белгиленет. 2022-жылы Вэнс Украинанын тагдырына кайдыгер экенин айтканы такталды.
«Бул анын [Трамптын] Украинадагы чыр-чатакка жана Батыштын коопсуздугунун келечегине олуттуу кесепеттерге алып келе турган «Биринчи Америка, кийин Европа» саясатын жүргүзүп жатканынын эң ачык белгиси», – деп жазат Telegraph.
Буга чейин британиялык Economist журналы Ж.Д.Вэнстин Украина боюнча тынчтык сунуштары Европада дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирген. Сенатордун планы Киев үчүн аймактык жоготууларды, ошондой эле өлкөнүн бейтарап статусун камтыйт.



















