Индиянын премьер-министри Нарендра Моди БРИКСтин лидерлерин 2026-жылы өлкөнүн төрагалыгы астында өтө турган кийинки БРИКС саммитине чакырды.
Маалыматты ТАСС агенттиги жазды.
“Баарыңыздарды келерки жылы Индиянын төрагалыгы астында өтө турган БРИКС саммитине Индияга келүүгө чакырам”,- деди ал Рио-де-Жанейродогу саммитте тынчтык жана коопсуздук боюнча сөз сүйлөп жатып.
Модинин айтымында, “дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук – бул жөн эле идеал эмес, жалпы кызыкчылыктардын жана келечектин негизи.
“Адамзат тынч жана коопсуз чөйрөдө гана өнүгүшү мүмкүн. Бул максатка жетүү үчүн БРИКС абдан маанилүү ролду ойнойт”, – деди ал.
Индиянын өкмөт башчысы белгилегендей, терроризм бүгүнкү күндө адамзаттын алдында турган эң олуттуу көйгөй болуп калды.
Ал белгилегендей, террористтерге каршы санкцияларды киргизүүдө эч тартынбашы керек. Терроризмдин курмандыктары менен колдоочулары бир масштабда боло албайт. Терроризмге унчукпай макулдук берүү, террористтерди колдоо эч кандай шартта кабыл алынбашы керектигин кошумчалады.
Дүйнөдөгү азыркы кагылышууларга токтолгон Моди Нью-Дели диалогду, кызматташтыкты жана ишенимди жактаарын билдирип, Индия кандай гана оор шарттарда болбосун, тынчтык жолу адамзаттын жыргалчылыгы үчүн бирден-бир жол экендигине бекем ишене тургандыгына токтолду.
Эске сала кетсек, Рио-де-Жанейродогу БРИКС саммитинин биринчи күнү аяктады.
Иш чаранын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынып, анда катышуучулар өзөктүк жаңжалдын чыгуу коркунучуна байланыштуу кооптонууларын билдиришти.
Саммиттин катышуучулары эл аралык уюмдарды реформалоонун актуалдуулугун баса белгилеп, бир тараптуу санкцияларды колдонууну айыпташты жана куралдуу кагылыш болгон аймактарда, башкача айтканда Украинада, Жакынкы Чыгышта жана Суданда тынчтыкты орнотууга чакырышты.
Эске салсак, былтыр 22-октябрдан 24-октябрга чейин Казанда БРИКСтин саммити өткөн. Жыйынга ошол учурда 32 мамлекет жана уюмдардын жетекчилери келген.
БРИКС 2006-жылы негизделген. 2011-жылы Түштүк Африка, Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай баштапкы тобуна кошулган.
Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары жана Эфиопия 2024-жылдын 1-январында топтун толук кандуу мүчөсү болушкан.
Индонезия 2025-жылдын 6-январында БРИКСке толук кандуу мүчө болуп кирген. Бул жолу БРИКСке төрагалык кылуу 2026-жылы Бразилиядан Индияга өтөт.



















