БРИКС өлкөлөрү Казанда өтө турган саммитке Ооганстандан делегация барары боюнча бир пикирге келе элек. Бирок, эч нерсе жокко чыгарылбайт.
Бул тууралуу журналисттерге РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко билдирди.
«Чындыгында конокторду чакыруу чечими, анын ичинде аутрич форматында консенсус менен кабыл алынат. Менимче, талибдердин делегациясынын катышуусу тууралуу маселеде дагы эле бирдиктүү пикир жок. Бирок баары биздин колубузда, ошондуктан эч нерсени жокко чыгарууга болбойт. Албетте, талибдердин (Талибан кыймылы) таанылбаган макамы алардын катышуусу жөнүндө чечим кабыл алууда эске алынуучу көйгөйлөрдүн бири», – деди ал.


















