Бразилиянын Сан-Паулу шаарына жакын жерде Voepass жүргүнчү учагы кулап түшкөн. Учакта 61 адам болгон жана жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, эч ким аман калган эмес.
Авиакомпаниянын билдирүүсүнө ылайык, ATR 72 эки кыймылдаткычтуу турбовинттүү учагынын бортунда 62 адам: 58 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Кийинчерээк жүргүнчүлөрдүн бири рейске кечигип келгендиктен учакта 61 адам болгондугу белгилүү болду.
Валиньос шаарынын мэриясы кырсыктан аман калгандар жок экенин тастыктады.
Учак Каскавелден (Парана штаты, Парагвай жана Аргентина чек арасына жакын) Гуарульос аэропортуна учуп бара жаткан. Ал турак жайга кулап түшкөн, бактыга жараша жерде жүргөн эч ким жабыркаган эмес.


















