Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У. жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.
Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Бул иш боюнча президент С. Жапаров жагдайды көзөмөлгө алынып, ИИМдин атайын дайындалган тергөөчүлөрү тарабынан 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган.
Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө. Cотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери жүргөн.
Кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. аныкталган.
Аталган жарандар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди. Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Белгилей кетүүчү жагдай, 6-августка караган түнү Бостеридеги “Золотые пески” пансионатынын аймагынан 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Бирок маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан.
Тергөө амалдары уланууда.