Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин аскердик операциясы учурунда Газа тилкесиндеги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Евробиримдик өлкөлөрүнө Израиль менен диалогду токтотууну сунуштады, деп билдирет Reuters.
Агенттиктин маалыматына караганда, Боррелл Евробиримдиктин тышкы иштер министрлерине дүйшөмбү, 18-ноябрда боло турган жолугушуунун алдында кат жөнөткөн. Катта ал “Газада эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу мүмкүн болгон олуттуу тынчсыздануусун” билдирип, “Израиль ушул күнгө чейин бул көйгөйлөргө жетиштүү көңүл бурган эмес”,- деп билдирди.
“Жогоруда айтылган ойлорду эске алуу менен мен Евробиримдик Израиль менен саясий диалогду токтотуу үчүн адам укуктары боюнча жоболорду колдонууну сунуш кылам”,- деди Боррел.
Reuters агенттигинин дипломатиялык булактары Боррелдин сунушун Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүнөн бир добуштан жактырышы күмөн деп эсептешет, анткени Чехия менен Венгрия Израилди бекем колдошот.


















