Бишкек шаарынын Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине жер астында жайгашкан таштанды челектери ишке берилди.
Буга чейин Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
Бул ишти Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасынын негизинде «Тазалык» муниципалдык ишканасы ишке ашырды. Жер алдына орнотулган челектин өзгөчөлүгү таштандыны жер алдына сактагандыктан жыт чыгарбайт, чачылбайт жана айлана- чөйрөнүн көркүн бузбайт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев мындай таштанды челектери борборубузда көбөйтүлөөрүн кошумчалады.
Мындан сырткары «Тазалык» муниципалдык ишканасында иштеген айдоочу, таштанды жүктөгүч жана тазалоочу кызматкерлердин айлыгы 100%дан ашык жогорулады. Башкача айтканда иштегенине жараша айлык акы берүү ыкмасы тандалып алынды.
Бул жолу мурда 30 000 сомдон айлык алып келген айдоочулар 84 000 сомго чейин алышат. Ишине жараша эмгек акы – кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна таштанды үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.