Өзбекстандын Навои облусунда курулуп жаткан Борбор Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушун 2025-жылы бүтүрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө ал жерде 111 шамал турбинасынын 22си орнотулду. Шамал электр станциясынын жалпы кубаттуулугу 500 МВт болот.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында шамал электр станциясын куруунун алкагында Навои облусунун Тамдын районунда биринчи чоң турбина орнотулган.
Республиканын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 600 миллион долларлык долбоор БАЭнин “Masdar” компаниясынын катышуусунда ишке ашырылууда. Өзбекстан менен инвестициялык келишимге 2020-жылдын 8-июнунда кол коюлган. Документке ылайык, “Masdar” шамал станциясын долбоорлоо, каржылоо, куруу жана эксплуатациялоону камсыздайт.

Ал 293,35 гектар аянтка жайгашат. Энергетика министрлигинин маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдиргендей, учурда ал жерге 22 шамал турбинасы орнотулду. Алардын бийиктиги 97 метр, шамал турбинасынын ар бир канатынын узундугу 77 метр.

Шамал электр станциясынын биринчи кубаттуулугу декабрда ишке киргизилерин, Энергетика министрлиги билдирди. Ал 2025-жылы толук кубаттуулукта иштеп, жылына 1,8 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул 500 миң кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылат.
Мындан тышкары, долбоордун аркасында жыл сайын 540 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөө жана атмосферага 1,1 миллион тонна зыяндуу заттардын чыгышын алдын алууга мүмкүн болот.
“Masdar” Өзбекстандагы биринчи күн электр станциясынын курган. Ал Навои облусунун Кармана районунда курулуп, 2021-жылдын 27-августунда ишке берилген. Анын кубаттуулугу 100 МВт.
2023-жылдын аягына чейин “Masdar” Өзбекстанда дагы үч фото электр станциясын ишке киргизет: Сурхандарья облусунун Шерабад районунда кубаттуулугу 456,6 МВт болгон электр станциясы курулат, 220 МВт кубаттуулуктагы эки станция Жиззак облусунун Галляарал районунда жана Самарканд облусунун Каттакурган районунда пайда болот. 2022-жылдын декабрь айында аталган компания Бухара облусунда 250 МВт фото электр станциясын куруу боюнча тендерди утуп алган, ал 2024-жылдын аягында ишке берилмекчи.


















