Transfermarkt порталы аймактагы эң кымбат футболчуларды атады.
ЦСКАнын жана Өзбекстан курама командасынын жарым коргоочусу Аббосбек Файзуллаев Борбор Азиядагы эң кымбат футболчу болду.
Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча, өзбекстандык спортчу азыр 6 миллион еврого бааланды. Баанын жогорулашы 20 жаштагы футболчунун ийгилигине түздөн-түз байланыштуу экени белгиленет: Файзуллаев клубда да, курама командада да жакшы оюн көрсөтүүдө.
Өткөн сезондо ЦСКА үчүн 32 оюнда Аббосбек 5 гол киргизип, 14 пас берген. Өзбекстандын курама командасы менен Файзуллаев тарыхта биринчи жолу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Баасы боюнча Борбордук Азияда экинчи орунду дагы бир өзбекстандык италиялык Кальяри клубунун чабуулчусу Эльдор Шомуродов менен Казакстан курама командасынын жана түркиялык Бешикташтын жарым коргоочусу Бахтиёр Зайнутдинов бөлүштү. Алардын ар бири 5 миллион еврого бааланган.
Эң кымбат тажик оюнчусу “Истиклолдун” дарбазачысы Рустам Ятимов – 1,2 миллион евро. Жакында ал Россиянын Премьер-Лигасынын (РПЛ) клубу Ростовго өттү.
Ошондой эле Тажикстандан кымбат спортчулардын тизмесине Зоир Журабоев («Нефтчи») менен Алишер Жалилов («Истиклол») 700 миң евро, Парвиз Умарбоев (ЦСКА 1948) жана Эхсони Панджшанбе (Истиклол) 500 миң евродон кирген.
Кыргызстанда эң кымбаты немандык Гүлжигит Алыкулов (Беларусь) – 550 миң евро. Түркмөнстанда эң кымбат оюнчу деп Китчи клубунун оюнчусу Руслан Мингазов (450 миң евро) табылды.
Борбордук Азиядагы эң кымбат 8 оюнчу төмөнкүдөй:
1. Аббосбек Файзуллаев (Өзбекстан), ЦСКА М – 6 миллион евро.
2. Эльдор Шомуродов (Өзбекстан), Кальяри, Бахтиёр Зайнутдинов (Казакстан), Бешикташ – ар бири 5 миллион евро
3. Азиз Ганиев (Өзбекстан), Шабаб Аль-Ахли, Нурали Алип (Казакстан), Зенит – ар бири 3 миллион евро
4. Абдукодир Хусанов (Өзбекстан), “Ланс” – 2,50 миллион евро
5. Отабек Шукуров (Өзбекстан), Кайсериспор – 2,20 миллион евро
6. Жалолиддин Машарипов (Өзбекстан), “Эстеглал” – 1,70 миллион евро
7. Хушниддин Аликулов (Өзбекстан), Ризеспор, Одилжон Хамробеков (Өзбекстан), Навбахор, Игорь Сергеев (Өзбекстан), Патхум Юнайтед, Рустам Ятимов (Тажикстан), Истиклол – ар бири 1,20 миллион евро.
8. Ходжиакбар Алижонов (Өзбекстан), “Пахтакор”, Азизбек Тургунбоев (Өзбекстан), “Сивасспор”, Ходжимат Эркинов (Өзбекстан), “Аль-Вахда” – ар бири 1 миллион евро.


















