Өзбекстандын Самарканд облусундагы Каттакурган аскердик полигонунда “Биримдик — 2025” деп аталган ири эл аралык аскердик машыгуулардын активдүү фазасы старт алды. Ага Өзбекстандан сырткары, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандын Коргоо министрликтеринин бөлүктөрү катышууда.
Машыгуулардын негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдүн аскерлери биргелешип заманбап согуш ыкмаларын үйрөнүп, артиллерияны, бронетехниканы, учкучсуз учактарды (БПЛА) жана башка курал түрлөрүн колдонуу менен практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу. Ошондой эле өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери тажрыйба алмашып, аймактык коопсуздук багытындагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөнү көздөшөт.
Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, “Биримдик — 2025” маневрлери өлкөнүн аскердик кызматташтык тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири болуп саналат.
Машыгууларда согуштук аткылоолордон тышкары, тактикалык сабактар, бөлүктөр аралык мелдештер жана маданий иш-чаралар да өткөрүлөт. Машыгуулар аяктагандан кийин катышуучулар Самарканд шаарына барып, Өзбекстандын тарыхый жана маданий мурастары менен таанышат.
Ошондой эле ушул иш-чаранын алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу өтмөкчү.
Бул машыгуулардын аймактык мааниси чоң болуп, Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук жана аскердик өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарышы күтүлүүдө.
Ал арада Тажикстандын Хатлон гарнизонундагы “Фахробод” окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин катышуусунда масштабдуу биргелешкен тынчтык орнотуучу аскердик машыгуулары өтүп жатат. Иш-чара “Жеңилбес бир туугандык — 2025” деп аталып, уюмга кирген өлкөлөрдүн тынчтык орнотуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну максат кылат.


















