24-апрелде Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун максаты – эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
Иш-чаранын катышуучулары аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, учурдагы коркунучтар боюнча аналитикалык изилдөөлөр жана ыкчам маалыматтар менен алмашышты.
Кооптуу деп саналган аймактарынан келип чыккан чакырыктарга биргелешип күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
“Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул сыяктуу консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана аймактык өз ара аракеттенүүнүн бул форматын сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти»,- деп айтылат иш чаранын жыйынтыгында.
Маалыматта белгиленгендей, кыргыз тарап жакшы коңшулук, ачык диалог жана Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди көрсөтүү принциптерине берилгендигин ырастаган.



















