Пакистандын туусун көтөргөн Shalamar танкери дүйшөмбү күнү АКШ баштаган блокададан кийин Перс булуңунан чыгып, Ормуз кысыгы аркылуу өткөн биринчи мунай ташуучу кеме болду.
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Кемелерди көзөмөлдөө системасынын маалыматына ылайык, бейшемби күнү кечинде Shalamar танкери Ирандагы Ларак аралынын түштүгүнөн өтүп, Оман булуңуна чыккан.
Кеме Бириккен Араб Эмираттарындагы Дас аралында болжол менен 450 миң баррель чийки мунай жүктөгөн.
Учурда жарым-жартылай жүктөлгөн Aframax тибиндеги танкер акыркы багыт катары Пакистандын Карачи портун көрсөтүп жатат.
Маалыматта айтылгандай, аймактагы чектөөлөргө байланыштуу АКШнын деңиз күчтөрү кемелердин ээлеринен Перс булуңунан мунай жана башка жүктөрдү алып чыгуу үчүн Иран тараптан да, АКШ тараптан да уруксат алууну талап кылууда.
Буга чейин, өткөн жекшемби күнү Shalamar Ормуз кысыгынан өтүп, Перс булуңуна кирүүгө аракет кылган, бирок Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин артка кайтарылган.
Кийинчерээк танкер кайрадан өтүп, Бириккен Араб Эмираттарына таандык Дас аралын көздөй багыт алган.


















