Bloomberg маалымат агенттиги америкалык аткаминерлерге таянып билдиргендей, Ак үйдө Израил аскерлеринин анклавдагы аракеттери уланып жаткан шартта жайкын тургундардын курмандыктарынын саны көбөйүп жатканына тынчсызданышууда.
Анда белгиленгендей, АКШ өкмөтү Израилдин Газадагы аракеттеринен улам «барган сайын көңүлү калып» жатат жана еврей мамлекети менен байланыштарды күчөтүүдө. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги америкалык аткаминерлерге таянып кабарлады.
Алардын айтымында, Ак үй Израил армиясынын анклавдагы аракеттери уланган сайын жайкын тургундардын өлүмү көбөйүп жатканына катуу тынчсызданууда. Абалды өзгөртүү аракети катары америкалык расмий адамдар израилдик кесиптештери менен байланыштарды көбөйткөн. Бирок агенттиктин булагы билдиргендей, бул «оор сүйлөшүүлөр» азырынча жыйынтык берген жок — Израил эскертүүлөрдү этибарга албай жатат. Bloomberg бул абал АКШ менен Израилдин ортосундагы «жакын союздук мамилелерге жарака кетирүүдө» деп жазды.
АКШ бийлиги Израилди бир нече жолу жайкын калкты коргоого чакырган. Бирок бул чакырыктарга карабай, Израил Джебалия качкындар лагерине аба соккусун жасаган. АКШ расмийлери бул окуя боюнча түшүндүрмө сураганда, Израил, Bloomberg булагынын айтымында, «максатка жеттик» деген дээрлик кайдыгер жооп берген.
Агенттиктин маалыматына караганда, Израил АКШны «еврей эли ХАМАСтын кол салуусунан алган жаракатты түшүнбөй жатат» деп эсептейт.
Bloomberg белгилегендей, америкалык жана израилдик расмий өкүлдөрдүн ортосундагы байланыштардын күчөшү Вашингтондун Израил боюнча тандаган стратегиясын ишке ашыруудагы кыйынчылыктарды көрсөтүп турат. Бул стратегия, агенттиктин жазышынча, Израилди коомчулук алдында колдоо менен бирге талаштуу маселелерди жабык эшик артында талкуулоону камтыйт.
Маалымат булагы белгилегендей, АКШнын Израилге карата нааразылыгынын күчөшү, ошондой эле премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун АКШ жарандарынын жана Газада калган америкалык барымтадагылардын тагдыры боюнча Вашингтондун тынчсыздануусун «эске албаганы» менен байланыштуу.
Мындан мурда АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат кызматынын жетекчиси Мэттью Миллер БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Израил армиясынын Газадагы аракеттерине карата айткан сынын «орундуу» деп атаган. Ал ошондой эле АКШ Израил тараптан палестиналык жай тургундарга каршы зомбулукка жол бербөө боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын байкап турганын белгилеген.

















