Жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга ылайык, бир катар көчөлөргө жаңы светофорлор орнотулат.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Төмөнкү кесилиштерде жаңы светофорлор орнотулат:
- Тоголок Молдо – Саадаев көч.
- Байтик Баатыр – Скрябин көч.
- Байтик Баатыр – Жантөшов көч.
- Жунусалиев – Айни көч.
- П. Лумумба – Волков көч.
- Ч.Валиханов – Исакеев көч.
- Юнусалиев – Койбагаров көч.
- Юнусалиев – Жантөшов көч.
- Масалиев – Бакаев көч.
- Фрунзе – Төрөкул Айтматов көч.
- Токомбаев көч, Асанбай паркынын каршысында (жөө жүргүнчү өтмөгү)
- Ю.Фучик көч, №1 шаардык ооруканасы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
- Өмүр – Алыкулов көч.
- Токтогул – Калык Акиев көч.
- Садыбакасов – Жайыл Баатыр көч.
- Л.Толстой – 7-апрель көч. (өтмөк)
- Л.Толстой – Ибраимов көч.(өтмөк )
- Ауэзов – Кырман көч.
- Чүй пр. – Төрөкул Айтматов көч.
- Фатьянов – Кулатов көч.
- Байтик Баатыр, Дайыр Асанов атындагы парктын каршысы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
- Профессор Зима көч, Ак-Босого району № 101 орто мектептин жаны. (жөө жүргүнчү өтмөгү)
Подрядчынын акыркы аныктамасы ушул жылдын октябрь айынын аягына пландаштырылган.
Эске салсак, буга чейин Медеров- Матросов көчөсү жана Каралаев – Нуркамал көчөсүнүн кесилиштеринде светофор объектилерин курууга тендер өткөрүлгөн. Учурда подрядчы менен келишим түзүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, төмөнкү даректерде жайгашкан үч светофор объектисинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланды.
- Абай – Горький көч.
- Чынгыз Айтматов 93/1 – Безымянная көч. (Океев)
- Токтогул – Раззаков көч.
Мэриядан белгилешкендей, бул кадамдар коопсуз жана жалпы шаардык инфраструктураны түзүүгө, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн да ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.