Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында Палестина-Израиль жаңжалына токтолуп, Израилди адамзатка каршы кылмышка айыптады.
Ал өз сөзүндө иш-чара Газа тилкесинин эли суусу жок калып, Израиль режиминин чабуулуна кабылып жаткан учурда өтүп жатканын белгиледи.
“Согуш талаасында утулуп калган бул режим (Изариль – ред.) күнөөсүз адамдарды сууcуз, тамак-ашсыз, жарыксыз жана дары-дармексиз калтырып, өлтүрүүгө аракет кылып жатат. Бул адамзатына каршы жасалган кылмыш”, – деп билдирди Мохбер.
Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн кечээ, 25-октябрда келген.
Мохбер саммиттин алдында КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Белгилей еетсек, Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газада каза болгондордун саны 6500дөн ашып, 17 миңден ашыгы жаракат алды. Ал эми Израиль тарапта 1300дөн ашуун киши каза тапты.


















