Бишкек жылдан жылга бир бүтүн тыгынга айланып баратат. Бир нече жыл мурун шаар тургундары 20–30 мүнөттө жетчү сапарлар азыр эки-үч саатка созулат. Борбордук көчөлөрдө тыгындар күнүмдүк көрүнүшкө айланып, айдоочулардын убактысы да, чыдамы да түгөнүп, тынымсыз стресс жаратууда.
Негизги себептердин бири – шаардагы кеңири масштабдагы жол оңдоо иштери. Бирок, “Кыргыз Хово Транспорт” коомдук бирикмесинин төрагасы Абасбек Доромбаевдин айтымында, көйгөй жөн гана ремонттордо эмес. Башкы фактор – шаар инфраструктурасынын мүмкүнчүлүгүнөн ашып кеткен автоунаалардын саны.
– Бишкекте бүгүнкү күндө болжол менен бир жарым миллион адам жашайт. Аларга болжол менен 500 миң автоунаа туура келет. Мындан тышкары күн сайын дагы 200 миңдей унаа транзит менен шаарга кирет. Натыйжада Бишкектин жолдору күнүнө 700 миңден ашык автоунааны өткөрүүгө аргасыз. Бирок шаар башында болгону 300 миң автоунаага эсептелген. Биздин бардык көйгөй ушул жерден башталат, – дейт эксперт.
Абасбек Доромбаев бул фактылар менен гана чектелбестен, бир нече жыл бою транспорттук көйгөйдү изилдеп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын да үйрөнгөн. Ал бул боюнча Бишкек мэриясынын транспорт департаменти, патрулдук кызмат жана жол инфратүзүмү башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолуккан.
– Транспорт департаменти мүмкүн болушунча иштеп жатат. Үмүт кылабыз, менин сунуштарым да эске алынат, – деди ал.
Эксперт маселе жөн гана тыгындарда эмес, жол коопсуздугунда да экенин белгилейт.
– Карагылачы, өткөн жылы Бишкекте жол кырсыгынан 100дөн ашык адам каза болду, быйыл ошол эле мезгилде андан да көп. Демек, курмандыктардын саны өсүп жатат. Мисал келтирейин: Алматыда 3 миллионго жакын адам жашайт, бирок былтыр 100 адам каза болгон. Бизде калк эки эсе аз, бирок каза болгондор үч эсе көп. Бул — көз жаздымда калтырбай турган коркунучтуу статистика, – дейт Доромбаев.
Анын айтымында, тыгындар — бул жоготулган убакыт гана эмес, кырсыктардын себеби, абанын булганышы жана финансылык чыгым.
– Биз тыгындарда акчабызды күйгүзүп жатабыз. Мисалы, 100 сомго бензин куюп чыксак, тыгындарда отурганда анын жарымы текке кетет. Бул капчык үчүн да, экология үчүн да зыян. Ар бир күн миңдеген автоунаалар абага уулуу газ чыгарып, аны кайра шаардыктар дем алып жатышат, – деп түшүндүрдү ал.
Абал өзгөрүшү үчүн Доромбаев беш так сунуш иштеп чыгып, аларды Бишкек мэриясына, Министрлер кабинетинин төрагасына жана Президент администрациясына жөнөткөн.
Биринчи сунуш – светофорлорду синхрондоштуруу.
Бүгүнкү күндө шаардагы светофорлор бири-бирине туура келбей иштейт. Айдоочу жашыл жарыкта өтүп, бир нече жүз метрден кийин кайра кызылга токтоп калат. Натыйжада унаалар 200–300 секунддан ашык убакыт туруп калышат.
– Мен Чүй проспектисиндеги 16 кесилиште жашыл жарыкты синхрондуу кылып күйгүзүүнү сунуштайм. Анда айдоочу жок дегенде 2–3 кесилиштен токтобой өтүп кетет. Бул үчүн 20–30 тажрыйбалуу электрик бир түндө шаар системасын жөндөп бере алат. Бул жөнөкөй жана арзан чечим, – дейт эксперт.
Экинчи сунуш – кызыл жарыкта оңго бурулууга уруксат берүү.
Доромбаевдин эсептөөлөрүнө караганда, жөө жүргүнчүлөр кызылда турганда оң тилкедеги автоунаалар токтобой бурулуп кете алат. Бир кесилиш күнүнө кошумча 20 автоунааны өткөрөт. Эгер бул чараны Бишкектеги 350 кесилишке жайылтса, шаар күнүнө кошумча 1 миллион автоунааны өткөрө алат.
Үчүнчү сунуш – реверсивдүү кыймылды киргизүү.
Мындай практика башка өлкөлөрдө, анын ичинде Россия жана Казакстанда колдонулат. Сааттык жүктөм көп маалда реверсивдүү тилкелер кыймылды тең салмактап, магистралдарды бошотот.
– Биз кыргыздар башка өлкөлөрдө эрежени сактап айдап жатабыз, демек, өзүбүздүн шаарда да көнөбүз, – дейт эксперт.
Төртүнчү сунуш – борбордук көчөлөрдө солго бурулууну чектөө.
Анын айтымында, дал ушул маневр кыймылды көбүрөөк кармайт: солго бурулган автоунаа түз кеткендерди да күттүрөт, ал эми ошол убакта кызыл күйүп, агым кайра токтойт. Күндүз солго бурулууга тыюу салынса, кыймыл кыйла ылдамдайт.
Бешинчи сунуш – айрым светофорлордун ордуна айланма кыймыл жасоо.
Мисал катары Ахунбаев менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырдаалды келтирет. Айтымында, айрым жерлерде айланма кыймыл светофордон көрө натыйжалуу, анткени токтотпой кыймылды жөнгө салат.
Эксперт бул чаралар миллиарддаган сом талап кылбасын белгилейт. Аларды ишке ашыруу үчүн тартип, туура уюштуруу жана саясий эрк гана керек.
– Ооба, тыгындарды толугу менен жогото албайбыз, бирок айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн жашоосун 20–30 пайызга жеңилдетүүгө болот. Бул — жумушка жана үйгө тезирээк жетүү, аз кыйналуу, күйүүчү майды бекер сарптабоо, демек, абаны азыраак булгап, баарына пайда алып келүү дегенди түшүндүрөт, – деп жыйынтыктады Абасбек Доромбаев.
Булак: vb.kg



















