Борбор калаада Москвада өткөн XXII Олимпиада оюндарынын марафондук чуркоо боюнча коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Бишкек жарым марафону өттү.
Жарым марафонго 1500дөн ашык жөө күлүк катышты. Анда Кыргызстан, Беларусь, Азербайжан, Германия, Италия, Россия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Греция, Чехия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн келишти.
Жарыштын катышуучулары 21,1 чакырым, 10 чакырым (чуркоо жана басуу) жана 3 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн 1 чакырымдык жол уюштурулуп, эң кичинекейлер ата-энеси менен бирге чуркай алды.
Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.
Марафонду Бишкек мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.
Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-3-орундан 21,1 жана 10 км аралыкта жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Discussion about this post