Бүгүн, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Эстелик “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабындагы Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, эстеликти ачуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышты.
Иш-чаранын аягында талантка таазим кылып катышуучулар эстеликке гүл коюшту.
Эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов жасаган. Ал эми долбоордун жетекчиси – Жанышбек Жамурзаев, архитекторлору Нурсейит Мамбетказиев менен Марат Эшимбаев.
Эске салсак, 2017-жылы СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулуп, бирок коомчулуктун сын-пикирлеринен улам 2019-жылы скульптура алынып, эстеликти алмаштыруу чечими кабыл алынган. Андан кийин “Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд” сынак жарыялап, анын жеңүүчүсү скульптор Азамат Абдрахманов аныкталган.




















