Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган «Мурас» достук турнири башталды. Оюндар 8-9-декабрда өтөт.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, спорттук иш-чаранын ачылышы бүгүн “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде болуп өттү.
Оюндар өткөн жолкудай эле эки жерде – «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда (С жана Д топтору) өткөрүлөт.
Турнирге 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн.
Турнирдин катышуучулары:
- «Президенттин командасы»;
- Маданият өкүлдөрү – «Өнөр»;
- Белгилүү ишкерлер – «Бизнес»;
- ЖМК өкүлдөрү – «Журналисттер»;
- Футбол ардагерлери – «Алга»;
- Спорт федерацияларынын жетекчилери – «Спорттук федерациялар»;
- Жогорку Кеңештин депутаттары – «Жогорку Кеңеш»;
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – «Аймактар»;
- Дин өкүлдөрү – «Ыйман»;
- Ооруканалардын башкы дарыгерлери – «Ден соолук»;
- Мектеп директорлору, ЖОЖдордун ректорлору – «Билим»;
- Сот бийлигинин өкүлдөрү – «Фемида»;
- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – «Коопсуздук»;
- Белгилүү спортчулар – «Спорт жылдыздары»;
- КР Элдер ассамблеясы, диаспора лидерлери – «Достук»;
- банктардын жетекчилери – «Банктар».
Эртең, 9-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар орун алат. Оюндарды түз эфирде УТРК Спорт жана ЭлТР каналдарынан көрүүгө болот.






























Discussion about this post