Бишкекте 22, 28 жана 24 жаштагы жарандар бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелип кармалды. Алар мурда бир нече жолу соттолгону белгилүү болду.
Бишкек ШИИББнын маалымат кызматы кабарлагандай, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге Б.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылгын. Анда аталган күнү Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспортто бара жаткан анын жашы жете элек кызынын чапанынын чөнтөгүнөн 22 миң сом турган « Redmi 11pro » үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап кетишкен. Андан соң кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон Т.Б. 2001-жылы туулган Б.А. 1995-жылы туулган А.К. 1999-жылы туулган жарандар райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген.
Өздүк тинтүү учурунда шектүүлөрдөн ар кандай маркадагы 7 даана уюлдук телефон табылып, алынган. Кылмышкерлер Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0(554) 11-03-14, 0(772) 80-30-38, 0(700) 61-11- 19 же 102.




















