Бүгүн, 11-сентябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, тараптар анда кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.
Эске салсак, буга чейин КР ТИМи Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелегени маалымдалган.