Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.
Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдер келишти.
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Андан соң президенттер чогуу сүрөткө түшүп, жабык эшик артында өтүүчү тар курамдагы отурумга кирип кетишти.
КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны
КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны
Опубликовано УТРК Пятница, 13 октября 2023 г.
КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынарын буга чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.
Иш-чараны сегиз өлкөдөн 400гө жакын жергиликтүү жана чет элдик журналисттер чагылдырып жатканын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке бүгүн, 13-октябрда келишти. Президенттерди “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Россиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга 12-октябрда келишкен.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок. Ал бир катар жагдайлардан улам саммитке катыша албай турганын саммиттин алдында президент Садыр Жапаров менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө билдирген.



















