Борбор калаада 12 өлкөдөн келген 200дөн ашуун компаниялардын катышуусунда бир катар эл аралык көргөзмөлөр өтөт.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, көргөзмөлөргө Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн компаниялары катышат.
4-апрелден 6-апрелге чейин:
– 17-эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо көргөзмөсү– MedExpo-2023;
– 7-эл аралык адистештирилген Стоматология көргөзмөсү – Dental-Expo Kyrgyzstan-2023.
18-апрелден 20-апрелге чейин:
– 20-юбилейлик эл аралык курулуш жана интерьер көргөзмөсү – KyrgyzBuild-2023;
– 13-эл аралык энергетика жана жарык көргөзмөсү – EnergyExpo Kyrgyzstan-2023;
– 8-эл аралык жол курулушунун, атайын техниканын жана тетиктердин көргөзмөсү – KyrgyzComex-2023;
– 8-эл аралык коопсуздук, коргоо жана өрткө каршы шаймандар көргөзмөсү – SafetyExpo-2023.
Көргөзмөлөр Бишкектин Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт.