1-4-июнь күндөрү Бишкек шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Аталган мелдешке жалпысынан дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 600дөн ашык спортчу катышат.
Күрөш он салмактык категорияда өтүп, жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.
Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг;
Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125;
Кыз-келиндер күрөшү: 50, 53, 55, 57,59, 62, 65, 68, 72, 76.
Турнирдин программасы:
1-июнь – Грек-рим күрөшү боюнча беттештер;
2-июнь – Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер;
3-июнь – Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештер;
4-июнь – Эркин күрөш боюнча беттештер.
Мелдеш “Бишкек-Арена” муз аянтчасында өтөт. Беттештер күн сайын 10:30да башталат. Финалдык беттештер 18:00дө өтөт.
Белгилей кетсек, турнирден тышкары, 10-18-июнда U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты да өтөт.