Eurasiatoday
Жекшемби, 10-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бишкекте 20дан ашуун диаспоралардын башын бириктиген «достук ифтары» уюштурулду. Сүрөт

  • Дин, Жакынкы Чыгыш, Кыргызстан
  • 20.04.2023 10:35

Loading

18-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде палестиндерге тилектештик билдирген майрамдык “Достук ифтары” уюштурулду.

Тема боюнча:

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

08.12.2023

Майрамдык дасторконго республиканын 20га жакын диаспораларынын өкүлдөрү: казактар, татарлар, түрктөр, өзбектер, кыргыздар, грузиндер, орустар, индиялыктар, пакистандыктар, дунгандар, корейлер, даргиндер, Ирандын өкүлү ж.б. чогулушту.

Ооз ачыруу иш-чарасы өлкөнүн белгилүү теологу, Кыргызстандын муфтийинин мурдагы орун басары Кадыр Маликов жана “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулду.

Кеченин максаты ортодогу достук мамилени чыңдоо болгон. Иш-чарада диаспоралардын ар бири өздөрүнүн майрамдык улуттук тамак-аштарын даярдап келишкен.   

Ооз ачыруу “Аль-Кудс” күнүнүн урматына да уюштурулгандыктан, коноктор үчүн өзгөчө тамактардын бири Палестинанын улуттук тамактары жана таттуулары болду. “Аль-Кудс” дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген күн.

Иш-чарага белгилүү инсандар жана дипломаттар: экс-депутат, экс-акыйкатчы жана КР Малайзиядагы экс-элчиси Турсунбай Бакир уулу, Ирандын КР Маданий өкүлү Абузар Тогани жана Кыргызстанга конок катары келген ирандык кары Амин Абди катышты. Ирандык кары салт боюнча, ооз ачар алдында Куран окуду.

Ошондой эле Палестинадан келген коноктор: Аль-Кудстун кейиштүү абалын өз көзү менен көргөн Иерусалимден Аль-Халявани мырза жана Газа тилкесинен Мухаммад мырза катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кадыр Маликовдун айтымында, бүгүнкү күндө адамдар динсиз, улутсуз, жыныссыз болушу керек деген дүйнөлүк тартиптин таңууланып жатышы мусулмандарга гана эмес, бүткүл адамзатка жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды алып келет.

“Бүткүл дүйнөдө улутчулдук, расизм, исламофобия, ыйык күндөрдө ыйык жайларды мазактоо сыяктуу диний баалуулуктарды алмаштыруу болуп жатат. Ушуга байланыштуу Палестина бүгүнкү күндө зордук-зомбулуктун очогуна айланды, анда адамдар диний жана этникалык негизде кысымга алынып, Палестина жерлерин аннексиялоо уланууда.  Аль-Акса мечити (Исламдын Мекке жана Мединадан кийинки үчүнчү ыйык жайы) Дажжалдын жалган баалуулуктарына каршы Исламдын каршылык көрсөтүү борбору жана аны коргоо ар бир мусулмандын милдети. Андыктан бул маселеде биз биригип, бирдиктүү болушубуз керек», – деди теолог өз сөзүндө.

Ал ошондой эле Палестина маселеси негизги маселеге айланышы керектигин жана аны чечүү биринчи кезекте ислам үммөтүнүн руханий тилектештиги аркылуу жана башка конфессиялардын колдоосу менен гана ишке ашарын белгиледи.

“Бүгүнкү  ооз ачуу көптөгөн улуттарды бир Үммөткө бириктиргени менен символикалуу. Палестина баарыбыз үчүн биримдиктин гана эмес, кайгы менен кордуктун символу. Биз биринчи кезекте интеллектуалдык, руханий жактан туруштук берип, өзүбүздү жана чөйрөбүздү жакшы тарапка өзгөртүп, адилеттүүлүккө жана сионисттик неонацизмден коргоого чакырышыбыз керек”, – деп сөзүн жыйынтыктады Маликов.

Палестинадан келген меймандар уюштуруучуларга жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирип өтүштү.

“Мындай иш-чараларды өткөрүү менен сиздер жакшы иштерди жасап жатасыздар. Бул жерде бир гана палестиналыктардын эркиндиги жана Аль-Аксаны коргоо үчүн эмес, бүткүл мусулмандар үчүн достук жана биримдик атмосферасы өкүм сүрүүдө”, – деди Иерусалимден келген Аль-Халявани.

Газа тилкесинен келген Мухаммед Кыргызстанда бир нече жылдан бери жашап жатканын жана ар бир жолу мусулман бир туугандары менен бир майрамдык дасторкондо жолукканы аны кубандырарын белгиледи.

“Айрым араб өлкөлөрү бизди Кыргызстандагы бир туугандардай колдобойт. Мурда биринчи “Достук ифтары” 30-40 адамды гана чогултса, бүгүнкү күндө андан төрт-беш эсеге көп болуп калдык. Кийинки жолу мындан дагы көп болот деп ишенем. Ыйык жерлерибизди биримдикте гана коргой алабыз”, – деди Палестинадан келген мейман.

Ошондой эле, коноктордун алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да сөз сүйлөдү.

«Мен Палестинаны жакшы көрөм жана ыйык жерлерибизди коргоого даярмын. Жыл сайын Кадыр Маликов экөөбүз палестиналыктарды коргоо боюнча ар кандай акцияларга катышып келебиз.  Мен Израилдин желегин бир нече жолу өрттөгөм, милицияда кармаган, бирок бул палестиналыктардын Израилдин сионисттик режими тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканына салыштырмалуу эч нерсе эмес. Жеке менин эл катары еврейлерге каршы эч нерсем жок, бардык дооматтарым Тель-Авив режими карманган бийликке жана идеологияга”, – деп жыйынтыктады кыргыз саясатчысы.

Бул ыйык айда ар бир улуттун өкүлдөрүнө сөз берилип, меймандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин айта алышты.  Бардык катышуучулар бири-бирине ден соолук, ийгилик, бейпил асман жана бакубатчылык каалап өтүштү.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Аль-КудсКадыр МаликовКыргызстанооз ачууПалестинаРамазан чатырыТурсунбай Бакир уулуУмма
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

08.12.2023
Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

30.11.2023
Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

30.11.2023
Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

29.11.2023
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

29.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.