Борбор калаадагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга кайрымдуулук операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Россиянын дарыгерлеринин кызматташтыгынын алкагында жасалды.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бет-жаак хирургия бөлүмүндө жалпысынан 70тен ашык бала текшерилип, операцияга 14 бала тандалып алынган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кайрымдуулук операциялары жасалдыУТРК
Опубликовано Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги Среда, 20 декабря 2023 г.
Операциялар 16-декабрдан 19-декабрга чейин жүргүзүлгөн.
“Бардык балдар квалификациялуу медициналык консультация алышты. Балдардын операциядан кийинки абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Адистердин айтымында, бет-жаакка Кыргызстанда жылына 400гө жакын операция жасалса, анын басымдуу бөлүгү нышан төрөлгөн балдар.


















