Бишкекке Кытайдан газ кыймылдаткычтуу 25 жаңы автобус алып келингенин мэриядан билдиришти.
Дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат.
Экологиялык автобустар 15-сентябрга чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.
Ошондой эле Кытайдын «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.
Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен «Zhongtong bus Holding Co., LTD» LCK6105моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.
Бул долбоор министрлер кабинетинин жана Кыргыстандын президентинин Кытайга (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн «Zhong Tong Bus» компаниясында ишке ашырылууда.