Бүгүн, 2-февралда таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, 3 кызматкер жабыркады. Алар азыр ооруканада, абалы кандай экендиги белгисиз. Бирок шаардыктарга жылуулук жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган жок.
Алгач социалдык тармактарга тараган мындай маалыматты президенттин маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыктап, Фейсбуктагы барагында төмөндөгүдөй билдирүү таратты:
“Бишкек шаардык ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү
2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ш. ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.
Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.
Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.
Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алыныздар”.




















