Түркиялык компания Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушуна инвестиция салууну пландап жатат.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Орто азиялык инвестициялык холдингдин” башкы директору Орен Ахмет Мюжахиддин жолугушуусунда маалым болду.
Ведомостводон билдиришкендей, тараптар объектинин техникалык-экономикалык негиздемесин үч айдын ичинде бүтүрүп, ишти тездетүүнү макулдашкан.
Долбоордун жалпы баасы 443 миллион АКШ долларын түзөт, анын 3 миллиард сомго жакыны май куюучу жайдын курулушуна жумшалат. Курулушту 2-4 жыл ичинде ишке ашыруу көздөлүүдө.
Бул кубаттуулугу 250 МВт болгон Бишкек ЖЭБ-2ге май куюучу станциянын курулушу өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Жаңы объект калкты жана ишканаларды электр жана жылуулук менен камсыздоонун туруктуулугун жакшыртат, ошондой эле энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртат.
Эске сала кетсек, былтыр “Орто азиялык инвестициялык холдинг” менен Кыргыз өкмөтү инвестициялык келишимге кол койгон.

















